Равшан Жээнбеков абактан чыкты

Аянтка чыккан митингчилер алгач экс-президент Алмазбек Атамбаевди, андан соң саясатчы Садыр Жапаровду абактан алып чыгышты.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбековдун абактан чыгарылгандыгын анын уулу Азат Равшан социалдык тармактагы баракчасына жазды.

​Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын декабрь айында камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган.

Саясатчы Садыр Жапаровду борбордук аянтка алып келишти

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, 6-октябрда түнкү саат 3төр чамасында Ак үйдү басып алышты. Андан соң УКМКнын имаратына кирип барып президент Алмазбек Атамбаевди алып чыгышкан. Андан кийин мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков эркиндикке чыкты.