Өзбек тарап кыргызстандыктардын кирүүсүнө чектөө киргизди

Коңшу өлкөдөгү кыргызстандыктар ал жактан чыгып кете алат. Ошол эле учурдагы Кыргызстандагы өзбекстандыктар өз жерине бара алат. Ал эми жүк ташууларга эч кандай чектөө киригизилген эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бүгүн, 6-октябрдан тарта, Өзбекстан Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөнүн жарандарына кирүүгө чектөө киргизди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Билдирмеде айтылгандай, коңшу өлкөдөгү кыргызстандыктар ал жактан чыгып кете алат. Ошол эле учурда Кыргызтандагы өзбекстандыктар өз жерине бара алат. Бирок кире алышпайт. Ал эми жүк ташууларга эч кандай чектөө киргизилген эмес.

Өлкөгө сырттан киргендер кайрадан текшерилет, анализ тапшырат. Жаңы алгоритм

Чек ара кызматы 24-сентябрдан баштап чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өткөнүн белгиледи.

Бүгүн саат 15:00гө карата мамлекеттик чек арада абал туруктуу экендиги кошумчаланды.