Ош шаарында миңдеген адам чогулуп жаңы мэрди алып келүүгө камынууда

Ош шаардык кеңешинин 31 депутаты мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетирүү чечимин кабыл алган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы аянтка миңдеген адам чогулуп шаарга жаңы мэр дайындоого аракет кылышууда. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.

Анын айтымында, учурда аянтта 3000 чамалуу адам жыйналып турат. Кечке жуук 200дөй адам келип мэрлик кызматка учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловду дайындай турганын айтышкан.

Ош шаарында миңдеген адам чогулуп жаңы мэрди алып келүүгө камынууда

Бирок экс-мэр Мелис Мырзакматовдун тарапташтары буга жол бербей турганын айтып, аны кайра кызматка коюуга камынууда. Мырзакматов өзү бүгүн кечинде Ош шаарына келери күтүлүп жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-октябрда, Ош шаардык кеңешинин 31 депутаты учурдагы мэр Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетирүү чечимин кабыл алган. Аны шайлоо маалында "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстан" партияларынын кызыкчылыгы үчүн иштеди деп айыпташты.