Оштун мэрин алган шаардык кеңеш чечиминин себебин түшүндүрдү

Топтолгон эл өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратына барган. Анда бир дагы кызматкер болбогондуктан жарандар "элдик бийлик орноду" деп жарыялашты.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ош шаардык кеңешинин 31 депутаты Таалайбек Сарыбашовду кызматтан алуу чечимин чыгарып, анын себебин түшүндүрүп беришти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

"Шаардык кеңештин депутаттары Таалайбек Сарыбашовду парламенттик шайлоо учурунда "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстан" партияларынын кызыкчылыгы үчүн иштеди деп айыпташты", — деди кабарчы.

Ал ошондой элдин атынан чыккан өкүлдөр өкмөттүн облустагы ыйгарым укутуу өкүлчүлүгүнүн имаратына барышканын билдирди. Анда бир дагы кызматкер болбогондуктан жарандар "элдик бийлик орноду" деп жарыялашкан.

Ызы-чуу учурунда шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов сабалды.