Өкмөттүн Нарын, Талас, Көлдөгү өкүлдөрү кызматын тапшырганы айтылууда

Үч облуста тең парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгышты. Аймактын айрым жетекчилери эл менен биргебиз десе, кээси кызматта отурууга моралдык укугу жок экенин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Өкмөттүн Нарын, Талас, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Эмилбек Алымкулов, Марат Мураталиев жана Балбак Түлөбаев кызматын тапшырышты.

Белгилей кетсек, үч облуста тең парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгышкан.

Асылбек Жээнбеков Ош шаарында митинг өткөрүп жатат

Агенттиктин аймактык кабарчысынын билдиришинче, Таласта 200дөн ашуун адам акцияга чыгып, шайлоо таза өтпөгөнүнө нааразы болушкан. Облус башчысы Марат Мураталиев кызматын тапшырып, эл менен бирге экенин жар салган.

Ошондой эле социалдык тармакка Нарындын жетекчиси Эмилбек Алымкулов кызматынан өз каалоосу менен кетүү боюнча жазган арызынын сүрөтү тарады.

Мындан сырткары, Facebook баракчасы аркылуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Балбак Түлөбаев иштен кеткенин билдирип, арызын көрсөттү.

"Рахмат. Моралдык укугум жок", — деген ал.

Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор борбордук аянтка митингге чыгып, кагылышуу болгон. Натыйжада акцияга чыккандар Ак үйдү алып коюшкан. Ошондой эле аймактарда дагы митингдер уланууда.