Митингчилер аскер унаасына жарылуучу бөтөлкө ыргытып жаткан видео

Sputnik Кыргызстандын кабарчысынын айтымында, саат 23:40тарга алынган маалымат боюнча, тараптар эки жаат болуп каршылашып жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Борбор калаанын Абдрахманов көчөсүндө күч түзүмдөрү менен митингге чыккан эл тирешип турат. Милиция кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ, кулак тундуруучу гранаталарды колдонуп жатат. Ал эми жарандар таш жана аралашма кошулган жарылуучу бөтөлкө пайдаланууда.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысынын айтымында, саат 23:40тарга алынган маалымат боюнча, тараптар эки жаат болуп каршылашып жатышат. Ал учурда аралашма кошулган жарылуучу бөтөлкө аскерий унаага тийип, өрт тутанды. Бирок милиционерлер аны убагында өчүрүп калууга жетишти.