Видео түн ооп калганда тартылган. Анда агылган митингчилер чыгыш тараптан аянтты көздөй бет алган. Бир убакта алар кайра "Ала-Тоо" аянтынан артка чегине баштаган.
Эске салсак, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыкты. Милиция аларга бир нече сааттан бери каршылык көрсөтүүдө.