БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда педагогикалык адистикте окуган студенттердин стипендиясынын өлчөмү 100 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Стипендиянын көбөйүшү мектеп бүтүрүүчүлөрүнө орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын педагогикалык адистиктерине тапшырууга стимул берет", — деп айтылат билдирүүдө.
Бишкекте интернатта чоңойгон кыздар үчүн "Жаштар үйү" ачылды
ЖОЖдордо мурда айына 800 сом алып окугандар эми 1 600 сом алышат. Ал эми орто кесиптик билим берүүчү мекемелеринде окуган студенттердин колуна эми 720 сомдун ордуна 1 440 сомдон тиет.
Стипендияны 100 пайызга көбөйтүүгө 2020-жылдын төрт айына 10 миллион 817 миң сом кетери кошумчаланды. Тиешелүү акча каражаты Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинде каралган.