Милиция менен митингчилердин кагылышуусу. Сүрөт баян

Sputnik

Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында оппозициялык күчтөрдүн нааразычылык акциясы өттү. Демонстранттар парламенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыгына макул эместигин билдирген.

Ак үйдүн дарбазасын талкалоого жасалган аракеттен улам ИИМ митингчилерди күч менен аянттан таратууга аракет жасаган.

Митингден жабыркагандардын саны 122ге жетти, анын кыркы милиция, бирөө медик

Учурда милиция кызматкерлери менен митингчилердин кагылышуусу уланууда. Акцияга чыккандар менен милиция кызматкерлери Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиши тарапта эки жаат болуп кармашып жатат.

Милициянын кулак тундуруучу каражаттарды жардырып, көздөн жаш агызуучу газды колдонгонуна карабай митингчилер тараган жок.

1 / 17
Түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтына парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгышкан. Кечинде ИИМ митингге чыккандарды сүрүп чыга баштаган.
2 / 17
Шаардын борборуна куралдуу күчтөр тартылды
3 / 17
Бишкектин борборунда түшкө маал башталган митинг милиция куугунтукка алганга чейин созулду. Кечинде милиция менен митингчилердин кагылышуусу болду.
4 / 17
Куралдуу күчтөрдүн бир бөлүгү митингчилер талкалоого аракет кылган Ак үйдүн дарбазасына жиберилген.
5 / 17
Нааразычылык акцияга чыккандардын бир бөлүгү колдоруна мамлекеттик желектерди кармап алышкан.
6 / 17
Митингчилерди таратууга милиция кулак тундуруучу каражаттарды жардырып, суу чачууда.
7 / 17
Көздөн жаш агызуучу газ да колдонулган.
8 / 17
Күч түзүмдөрү митингге чыккандарды борбордон алыс кууганга аракет кылган.
9 / 17
Митингчилердин милиция менен кармашы кагылышууларга алып келди.
10 / 17
Саламаттык сактоо министрлиги аянттагыларды сүрүп чыгуу маалында жабыркагандар болгонун билдирди. Алардын алган жарааты канчалык оор экендиги такталууда.
11 / 17
Жаракат алгандардын арасында атайын даярдыктагы кызматкерлер да бар.
12 / 17
Жабырлануучуларга Тез жардамдын дарыгерлери жана ыктыярчылар жардам көрсөтүүдө.
13 / 17
Нааразычылык акцияга чыккандар милицияларга таш ыргытып жатышат.
14 / 17
Шаардагы абал чыңалып турат
15 / 17
Митингге чыккандарды сүрүп чыгарууда ИИМ атайын техника тарткан
16 / 17
Милиция митингге чыккандарды бир аз убакытка "Ала-Тоо" аянтынан сүрүп чыгып, бирок көп өтпөй кайрадан тирешүү башталган.
17 / 17
Жабыркагандар Улуттук госпиталга, №1 шаардык клиникалык ооруканасына жана Бишкек илим изилдөө травматология жана ортопедия борборуна жаткырылууда.