Кара-Сууда эл Тилек Матраимовдун кабинетин басып алган видео тарады

Тилек Матраимов 2012-жылдын февраль айынан тарта Кара-Суунун акими болуп иштеп келет. Парламенттик шайлоо алдында анын кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу имиштер тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Оштогу Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдун кабинетин топ адамдар басып алып, өздөрүнүн акимин дайындаган видео тарады.

Видеодон кепка кийген жигитке жанындагылар каалоо-тилек айтып жатканын угууга болот. Ал эми өзүн аким эсептеген киши шайлоодо партиялар форма №2 колдонуп, мыйзамсыз жеңишке жетишкенин айткан.

Белгилей кетсек, Тилек Матраимов 2012-жылдын февраль айынан тарта Кара-Суунун акими болуп иштеп келет. Парламенттик шайлоо алдында анын кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу имиштер тараган. Бирок өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү маалыматты төгүндөп, Матраимов эмгек өргүүгө чыкканын билдирген.