Курсан Асанов милиционер менен элдик кошуундарга инструктаж өткөрдү. Сүрөт

Депутаттыкка ат салышып жаткан Курсан Асанов түндө Ак үйдү басып алуудан кийин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кабинетин ээлеп алган. Эртең менен анын ыкчам жыйын өткөрөрү айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ички иштер министринин милдетин аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов Бишкектеги коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча инструктаж жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Чогулушка министрликтин бөлүм башчылары, ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү менен Бишкек шаардык милициясынын өздүк курамы катышты.

Митингчилер менен милиционерлердин кагылышы. Асмандан тартылган видео

"Чагымчылдыкка алдырбай, мыйзамды сыйлоого чакырам. Азыр жашоочулардын бейпилдигин камсыз кылуу маанилүү. Милиция кызматкерлери менен ыктыярдуу элдик кошуундар укук бузууларды алдын алып, профилактикалык иштерди жүргүзүүсү зарыл", — деген Асанов.

Азыркы тапта милициянын өздүк курамы республика аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатканы белгиленди.

Эскерте кетсек, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка ат салышып жаткан Курсан Асанов түндө Ак үйдү басып алуудан кийин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кабинетин ээлеп алган. Эртең менен анын ыкчам жыйын өткөрөрү айтылган.