БИШКЕК, 6-окт. – Sputnik. Каршылык акциясына чыккандар Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин кирип, терезеден кагаздарды ыргытып жатышат.
Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен видео тартып жиберди.
Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындап эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда. Кечке маал аянтта элдин саны көбөйүп, учурда ал чоң митингге айланды.