Бишкектин убактылуу башчысы Ак үйдөгү тосмолорду алдырат

Шаарды жетектеп жаткан Коеналиев кырдаалды турукташтыруу үчүн акимдерди элдик кошуунду уюштурууга көмөктөшкөнгө тапшырма берген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ак үйдүн айланасындагы тосмолор алынат. Бул тууралуу маалыматты Биринчи май райондук акимчилигинин кызматкерлери тастыктады.

Тийиштүү буйрукка ордо калааны убактылуу башкарып жаткан Жоошбек Коеналиев кол койгон.

Банкоматтар эмнеге иштебей жатканы айтылды

Ага ылайык, дарбазалар эл көп топтолгон учурда алып салынат. Ошондой эле мэр шаардагы кырдаалды турукташтыруу үчүн акимдерди элдик кошуунду уюштурууга көмөктөшкөнгө тапшырма берген.

Ак үйдүн айланасындагы тосмо качкын президент Аскар Акаевдин тушунда коюлган.