Жыйналган эл, жылмайган Атамбаев. Экс-ажонун абактан чыккан видеосу

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди митингчилер Ак үйдү алган соң УКМКнын абагынан алып чыгышты. Алгач талап кылып, ичинен УКМКнын өкүлү чыгып митингчилер менен сүйлөшүү жүргүздү.
Sputnik
Алар тынчтык жолу менен алып чыгууга макул болгон соң бир сааттай күтүп турушту. Акыры Атамбаевди тарапкерлери алып чыгышты. Эл сүрөөн менен алып кетишти.