Видеодо көрүнүп тургандай, Жогорку Кеңештин имаратынын үстүнкү кабаты алоолонуп өрттөнүп, чатырынан кара түтүн чыгууда.
Учурда өрт өчүргүүчү үч бригада иштеп жатат. Бир автошаты пайдаланылган.
Эске салсак, 5-октябрь күнү борбор калаада парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, андан соң күч органдары митингчилерди аянттан сүрүп чыгарган. Бирок эл артка чегинбей акыры Ак үйдү алышкан.