Адахан Мадумаров Координациялык кеңешти жетектемей болду

Кеңештин мүчөлөрү президент Сооронбай Жээнбеков жана бийлик өкүлдөрү менен байланыша электигин билдиришти.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Координациялык кеңешти жетектемей болду. Анын курамына КСДП, "Республика", "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир Бол", "Замандаш", "Реформа" жана "Ордо" партиялары кирди.

"Менин талапкерлигимди сунушташты. Мен өз учурунда кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык күчүмдү жумшайм", — деди саясатчы.

Ал журналисттер менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен байланыша электигин, азыр өлкөнү укуктук талаага кайтаруу маселеси курч турганын кошумчалады.