Көпчүлүк коалиция Садыр Жапаровду премьер-министрликке көрсөттү

Буга чейин Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Мыктыбек Абылдаев Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү боюнча жазган арызын көрсөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйында Садыр Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрлик кызматка жактырды.

Жаңы эле парламентке төрага болгон Мыктыбек Абдылдаев Жапаров сот тарабынан акталганын билдирди.

Жыйынга келген 62 депутат Садыр Жапаровду бир добуштан колдоп беришти. 

Эске салсак, бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Достук” мейманканасына чогулуп, кезексиз сессиясын башташты. Анда жаңы шайланган төрага Мыктыбек Абдылдаев Кубатбек Боронов премьерликтен кетүү боюнча жазган арызын көрсөттү.