Оштогу "Сүрөттүү-Таш" эстелиги ачык асман алдындагы музей болушу ыктымал

Бул эстеликте тарыхый жазма булактарда, илимий адабияттарда "даван аргымактары", "асман аттары" деген аталышта белгилүү болгон жылкылардын сүрөттөрү тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы "Сүрөттүү-Таш" археологиялык эстелигине барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министр эстеликтерди карап жатып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө "Сүрөттүү-Таш" эстелиги жалпы адамзат тарыхы жана маданияты үчүн баалуу мурас экендигин белгилеген.

Эстеликтин ландшафтын, коргоо чөлкөмдөрүнүн бүтүндүгүн сактоону камсыздоо үчүн зарыл болгон иш-чаралар аткарылмай болду.

Министр эстеликтин жер тилкесин тарыхый-маданий мурас катары аныктап, керектүү документация иштерин бүткөрүү зарылдыгын белгиледи. Мындан сырткары, бул эстеликтин аймагында туризм тармагын өнүктүрүү максатында ачык асман алдындагы музей кылып уюштуруу маселелери талкууланды.

Жолдошев: петроглифтер табылгандан тарта тарыхый баалуулук болуп эсептелет

"Аталган археологиялык эстелик аска беттерине биздин заманга чейинки III кылымдын, биздин замандын V кылымына таандык ат, бугу, тоо эчкинин жана илбирстин сүрөттөрү тартылган маданий мурас болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул эстеликте тарыхый жазма булактарда, илимий адабияттарда "даван аргымактары", "асман аттары" деген аталышта белгилүү болгон жылкылардын сүрөттөрү тартылган.