Нарындыктар да шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыгышты. Сүрөт

Нааразычылык акциясына 100дөй киши чогулду. Алар добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын айтып жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Нарын шаарында ЖК шайлоосунун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыкты.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын айтымында, акцияга 100дөй киши чогулду. Арасында партия өкүлдөрү дагы бар. Митингдин катышуучулары добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын айтышууда.

Төрт партиянын өкүлдөрү "Ала-Тоо" аянтына жөнөштү. Сүрөт, видео

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо таза өтпөгөндүгүн билдирип бир катар партиялар Бишкек шаарында дагы митингге чыгышты. Ал жакта эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Ошондой эле Таласта дагы нааразычылык акциялары башталды.