Кайсы бир партия тарабынан добушту сатып алуу, коркутуп-үркүтүү жана башка мыйзам бузуу аныкталса, алган добушуна карабай ал партияны БШК шайлоодон четтетип койгонго укугу бар. Бул тууралуу Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкө тарыхында жетиштүү добуш алып, бирок ар кандай жагдайлардан улам депутаттык мандат албай калган партиялар болгон.
Жаңы чакырылышка кимдер депутат болуп келди? Болжолдуу тизме
"Шайлоонун толук жыйынтыгы чыкканда учурдагыдан айырмаланып калышы ыктымал. Анткени азыр кээ бир партияларга шайлоо босогосунан өтүшү үчүн 800-1500 добуш жетпей жатат. Алыскы аймактардагы добуштар эсептелсе, бул көрүнүш өзгөрүшү мүмкүн. Мындан тышкары, партиялар Бишкек, Ош шаарларынан жана жети облустан 0,7 пайыз регионалдык босогону басып өтүүсү зарыл. Форма №2 менен аракеттер дал ушул аймактык босогону басып өтүү үчүн жасалды. Бул жагдайларды эске алганда "өттү" делген партиялардын арасынан регионалдык босогону ала албай калгандары болушу мүмкүн. Себеби 2007-жылы "Ата Мекен" партиясы республика боюнча жетиштүү добуш алып, бирок регионалдык босогону басып өтө албай, Жогорку Кеңешке кирбей калган. Ошондой эле шайлоонун жүрүшүндө орун алган мыйзам бузуулар боюнча келип түшкөн арыздар каралат. Анын негизинде кайсы бир партия мыйзам бузганы аныкталса, ошол участоктогу добуш берүүнүн натыйжасын БШК эсепке албай коюуга укугу бар. Буга утурлай эле Конституция боюнча кайсы бир партиянын добуш сатып алуу, коркутуп-үркүтүү жана башка шайлоонун натыйжасына кедергисин тийгизе турган мыйзам бузганы аныкталса, аны БШК шайлоодон четтетип коё алат", — деди Бактыгулов.
Серепчи "мыйзам бузуу" делген окуяларды жакшылап талдап, атайын жасалган чагым эместигине ынануу керектигин кошумчалады.