БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтына парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган миңдеген элди милиция кызматкерлери күч менен кууп таратууда.
Түштөн кийин Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдында төрт партиянын өкүлдөрү чогулган экинчи митинг башталган. Алар да шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыгын билдирүүгө чыгышкан. Андан кийин "Ата Мекен", "Республика", "Замандаш" жана "Бир бол" партияларынын өкүлдөрү "Ала-Тоо" аянтын көздөй агылып, митингдин катышуучуларына кошулган. Расмий эмес маалыматтарга караганда, төрт миңге жакын адам чогулган.
Кечинде ИИМ митингге чыккандарды тарап кетүүгө чакырды. Парламенттик шайлоодо утулуп калган 11 партия болсо добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган билдирүүгө кол койду.
Акцияга чыккандар Чүй проспектисин жаап, андан кийин Ак үйдүн дарбазасын талкалоого аракет кылган.
Митингчилердин Ак үйгө кирүүгө жасаган аракетинен соң милиция кулак тундуруучу каражаттарды жардырып, көздөн жаш агызуучу газ жана суу менен аларды сүрүп чыгарган. Митингчилер таш менен уруп жатышты.
Жарадар болгондордун арасында ЖКнын депутаты Жанар Акаев да бар. Кагылышуу уланууда.