Сооронбай Жээнбеков 16 партиянын лидерлери менен жолугууну пландап жатат

Жолугушуу 6-октябрь күнү саат 11:00дө боло турганы айтылды. Эске салсак, шайлоодон өтпөй калган партиялар анын жыйынтыгын тааныбай турганын жар салышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков эртең, 6-октябрда, парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлери менен жолугууну пландап жатат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуу саат 11:00гө белгиленди, бирок партия лидерлери барар-барбасы белгисиз. 

Бүгүн шайлоодон өтпөй калган партиялар анын жыйынтыгын тааныбай турганын жар салып, каршылык акциясына чыгышты.

Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда.

Кечке маал аянтта элдин саны көбөйүп, учурда ал чоң митингге айланды. Нааразычылыкка чыккандардын арасында жаракат алгандар бар.