Митингге карабай кезметин алмаштырып, башкы тууну кайтарган Ардак кароол. Видео

Нааразы болгондор шаардын чок ортосунда саат 11ден бери турат. Ал эми тууну кайтарган жоокерлер кызматын өтөөнү улантууда.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Күбөлөр "Ала-Тоо" аянтындагы митингге карабай кезметин алмаштырган Ардак кароолду видеого тартып алып, аны Facebook тармагына жүктөшкөн.

Улуттук гвардиянын Ардак кароолу №1 пост болгон Кыргызстандын туусун кайтарат.

Бейрасмий маалыматтар боюнча, митингчилердин саны үч миңден төрт миңге чейин деп болжолдонууда.

Партия лидерлери бийликтен шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Милиция азырынча митингчилерге тоскоолдук жараткан жок, бирок Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанына атайын техника тартылганы айтылды

Парламенттик шайлоо 4-октябрь күнү өттү.