Жээнбеков шайлоо участкасында кантип добуш берди. Видео

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин шайлоосунда добуш берди. Мамлекет жетекчиси № 1327 шайлоо участогунда, №5 Инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде өз жарандык милдетин аткарды.
Sputnik

Президент идентификация процессинен өтүп жатканда мүчүлүштүк жаралды. Тагыраагы, алгач манжа изин таануу жабдыгы иштебей койду.

Жээнбеков өздүгүн тастыктаган процедуралардан кийин жашыруун кабинада добуш берип, жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда бюллетенди урнага таштады.

Өкмөт: жарандарды коркутуп-үркүтүү менен добуш бердиртүүгө эч кимдин укугу жок

Андан соң медиа өкүлдөрүнө маек берди. Өзүнүн айтымында, президент катары шайлоонун ачык жана адилеттүү өтүшү үчүн мыйзам алкагындагы бардык милдеттерин аткарды.

"Менин добушум эмнени чечет эле" деген кайдыгерлик менен кол шилтеп койбой, ар бирибиз үйдөн чыгып, өз добушубузду берели. Бул шайлоого өлкөбүздүн жарандары гана эмес, дүйнө коомчулугу назар салып турат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы эч кимдин шек саноосун жаратпашы керек. Ушул шайлоо мекенибизге дагы бир кошумча эл аралык аброй алып келет деп ишенем", — деди президент.

Эскерте кетсек, бүгүн кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоодо.

Өлкө аймагында шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин жүргүзгөн тексттик трансляциясынан билүүгө болот.