Жээнбеков №5 мектеп-лицейинин кошумча корпусунун курулуш иштери менен таанышты

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору окуучуларга орун аз болуп жаткан жерлерде жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды куруу иштери улантылып жатканын эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков добуш бергенден кийин №5 мектеп-лицейинин кошумча окуу корпусунун курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, мамлекет жетекчиси өз жарандык милдетин № 1327 шайлоо участогунда, №5 Инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде аткарган.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Көкөчаров кошумча корпустун курулуш иштери 2021-жылдын июнь айында бүтө турганын белгилеген. Анын айтымында, эки кабаттуу кошумча корпус 375 орунга ылайыкталган.

Жээнбеков шайлоо участкасында кантип добуш берди. Видео

Көкөчаров окуучуларга орун аз болуп жаткан жерлерде жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды куруу иштери улантылып жатканын эскерткен.

Ал эми өлкө башчы жаңы окуу корпустарын курууда жана жабдууда, заманбап санарип технологияларын киргизүү шарттары эске алынышы керектигин белгилеп өткөн.