БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Экс-президент Роза Отунбаеванын "Медайымдарга гүлдесте" деп аталган демилгенин алкагында жакынкы күндөрдө 30 медицина кызматкерине акчалай сыйлык тапшырат. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунан кабарлашты.
Буга чейин экс-президент анын туулган күнү, 23-августта, кимде-ким гүлдесте белекке берем десе аларды сатып албай, ошол каражатты атайын эсепке жөнөтүү боюнча кайрылган эле.
Анда Отунбаева эсепке чогулган бардык акча кыргыз элинин башына апаат күн түшүп, ажал тооруп турган учурда өз жанын аябастан "кызыл зонада" иштеген биздин каарман медайымдарга берилерин белгилеген.
Президент медиктерди Манас ордени, Даңк медалы менен сыйлады
"Элибизди апаат каптап, көз чачырап турган чакта өз жанын тобокелге салып жүздөгөн, миңдеген адам өмүрүн сактап калган медайымдардын эрдигине таазим кылам жана терең ыраазылыгымды билдирем. Сиздерге бекем ден соолук, бактылуу, таалайлуу өмүр каалаймын", - деген катында экс-президент.
Фонддон жакынкы күндөрү ошол демилге ишке ашып, кыргызстандык 30 медайымга 10 000 сомдон акчалай сыйлык жана Фонд тарабынан чыгарылган "Манас" эпосу белекке тартууланарын билдиришти.