БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. "Кызыл зонада" же обсервацияда иштеген медиктер мүмкүн болсо добуш берүүгө катышпай эле койгону туура. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтымында, медиктер коронавируска чалдыккандар менен байланышта болору белгилүү.
"Элдин саламаттыгы шайлоодон дагы артык. Форма №2 боюнча талондор болсо, балким, медиктер катышмак. Бирок биз аларды добуш бердиртпегенге аракет кылып жатабыз", — деген Абдикаримов.
Дене табы көтөрүлгөн адамдар качан добуш бере алат? Министрдин жообу
Бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Өлкө ичинде 2 430 шайлоо участкасы ачылган, анын 45и чет өлкөлөрдө иштеп жатат. Парламенттеги 120 депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышууда. Ушу тапта өлкө аймагында болуп жаткан бардык окуялар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуз.