Кыргызстанда кумшекердин баасы кымбаттап кетти

Жыл башында өлкөдө кумшекердин орточо баасы 38 сом 8 тыйын болчу. Бул нарк апрелде 44 сом 3 тыйынга көтөрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Акыркы жумада Кыргызстанда кумшекерге болгон баа өсүп кетти. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Шухрат Сабиров "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

"Жыл башында өлкөдө кумшекердин орточо баасы 38 сом 8 тыйын болчу, апрелде 44 сом 3 тыйынга көтөрүлгөн. Ал эми июнда 41 сом 1 тыйынга арзандаган. Азыркы учурда 1 килограмм кумшекер 48 сомдон сатылууда. Башкача айтканда, кумшекердин азыркы баасы апрель айында сатылгандан да кымбат болууда", — деди Сабиров.

Анын айтымында, кумшекердин баасын ата мекендик жана чет элдик өндүрүшчүлөр көтөрүп жибергендиктен кымбат сатылып жатат.