Шайлдабекова эки шайлоо участкасы жабылганын айтты. Себеби

Башка мамлекеттерде 45 шайлоо участкасы ачылган. Алар жергиликтүү убактысына карап ишке киргизилери маалым.
Sputnik

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Россиянын Владивосток жана Түштүк Сахалин шаарларындагы шайлоо участкалары жабылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, аталган аймактардагы участкалар жергиликтүү убакыт боюнча эртең менен саат 8.00дө ачылганы үчүн ушул учурга туш келди. Бирок анын жыйынтыгы тууралуу азырынча маалымат берилбейт.

Парламенттик шайлоо – 2020: учурда эмне болуп жатат. Сүрөт, видео

Саат 18.00гө карата чет өлкөдөгү 5 283 мекендеш добуш берди, бул 16,2 пайызды түзөт. Жалпы жонунан чет жакта жүргөн 32 602 жаран шайлоого катыша алат.

Белгилей кетсек, башка мамлекеттерде 45 шайлоо участкасы ачылган. Алар жергиликтүү убакытка карап ишке киргизилет. Ага ылайык, алгачкылары түнкү саат 3.00дө ачылса, эң акыркысы Вашингтондо 5-октябрда эртең менен саат 6.00дө жабылат.