Бишкектин борборунда митинг башталды. Сүрөттөр

Нааразычылык акцияга саясий партиянын желегин көтөрүп, ондогон адам чогулган. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадыр Атамбаев дагы бар.
Sputnik

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын чок ортосунда "Социал-демократтар" саясий партиясынын тарапташтары жана мүчөлөрү катышкан митинг башталды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлады.

Нааразычылык акцияга саясий партиянын желегин көтөрүп ондогон адам чогулган. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Атамбаев дагы бар.

Борбордук шайлоо комиссиясы автоматтык түрдө эсептөөчү системанын жардамы менен Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, Жогорку Кеңешке "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Кыргызстан" партиялары өттү. Бирок бул акыркы маалымат эмес. БШК добуштарды эми кол менен эсептейт.

Канча кыргызстандык добуш бергени белгилүү болду

Ал эми "Социал-демократтар" саясий партиясы 2,1 пайыз добуш алды.

Ал арада "Ата Мекен" партиясы дагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жар салды.