Бишкек жана Оштун мэрлери Суракматов менен Сарыбашов добуш берди. Сүрөт

Калаа башчылары жашоочуларды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырган. Бишкекте 233 шайлоо участкасы, ал эми Ошто 86 шайлоочу жай бар.
Sputnik

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларынын башчылары Азиз Суракматов менен Таалайбек Сарыбашов добуш берди. Бул тууралуу мэриялардын маалымат кызматтары кабарлады.

Борбор калаа мэри Суракматов Москва көчөсүндөгү Шубин атындагы музыкалык окуу жайдагы № 1215 шайлоо участкасында добуш берген.

Ал түзүлө турчу парламент алдыңкы беш жылда өлкө тагдырына ар тараптан жооптуу экендигин айтып, бардык кыргызстандыктарды добуш берүүгө чакырган.

Премьер-министр Кубатбек Боронов добуш берди. Сүрөттөр

Ал эми Ош шаарынын мэри Сарыбашов № 5555 шайлоо участкасында жарандык милдетин аткарды.

Шаар башчысы өлкө тагдырын чечүүчү парламенттик шайлоого жарандардын активдүү катышып жаткандыгын белгилеген.

"Шайлоочуларды кайдыгер карабай, жүрөккө жакын, мамлекеттин келечегине, өсүп-өнүгүшүнө салым кошот деген талапкерлери бар партияга добуш берип, жарандык милдетин аткарууга чакырам", — деген калаа жетекчиси.

Ош шаары боюнча жалпысынан 86 шайлоо участкасында 179 миңден ашуун шайлоочу бар. Ал эми Бишкек боюнча жалпысынан 233 шайлоо участкасында 497 692 шайлоочу бар.