БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Үч жылдан бери Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга колдоо көрсөтүүдөн бир дагы жолу баш тарта элек. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Журналист мамлекет башчыдан Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу сураган.
Жээнбеков Путинге: эки өлкөнүн мамилесине доо кетирүүнү каалагандар бар
"Сочиде Владимир Владимирович менен кеңири сүйлөштүк. Кызматташуунун бардык тармактары камтылды. Көп маселелер талкууланды. Биз койгон маселелердин баарын тең эле Россиянын президенти ар дайым колдойт, колдоп келатат. Өзүнүн дагы кыргыз элине, Кыргызстан мамлекетине өзгөчө жылуу мамилеси бар. Мен үч жылга жакын убакыттан бери жолугуп, байланышта иштеп келе жатам. Бир дагы жолу Кыргызстан боюнча коюлган маселеге жок дей элек. Бул жолугушуу да ошондой болду. Бүт тармактар боюнча абдан жакшы, кеңири сүйлөшө алдык", — деди Жээнбеков.
Ошондой эле коронавируска каршы катталган дүйнөдөгү биринчи вакцинаны Кыргызстанга алып келүү боюнча макулдашканын кошумчалады.