“Жашыл чарбанын” кызматкерлери картинадагы каармандарга айланганда. Керемет долбоор

Костюмдарды “Жашыл чарбанын” кызматкерлери өздөрү үй-бүлөлүк сандыктарынан алып чыгышкан. Сүрөттөрдү ыктыярчы-фотограф тарткандыктан, долбоорду ишке ашырууга каражат сарпталган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. – Sputnik. “Бишкек жашыл чарба” ишканасы менен Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи “Картиналарга жан киргенде” аттуу долбоорду ишке ашырышты. Бул тууралуу муниципалдык ишкананын маалымат катчысы Аида Айдаралиева Facebook баракчасына жарыялады.

“Муниципалдык кызматтын өкүлдөрү Семен Чуйковдун “Советтик Кыргызстандын кызы”, Константин Савицкийдин “Аннушка”, Сүймөнкул Чокморовдун “Майрам” аттуу картиналарындагы образдарды жаратышты. Мындан сырткары, Давид Флекман, Алтымыш Усубалиев, Леонид Деймант, Александр Игнатьев жана Федор Стукошиндин эмгектерин чагылдырдык”, - деди катчы.

Костюмдарды “Жашыл чарбанын” кызматкерлери өздөрү үй-бүлөлүк сандыктарынан алып чыгышкан. Сүрөттөрдү ыктыярчы-фотограф тарткандыктан, долбоорду ишке ашырууга каражат сарпталган эмес.