Бишкекте элди террордук уюмга азгырган чет элдик кармалды. Сүрөт

Кармалган киши Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюмдун ишин алып барууну ойлогон. Учурда ал УКМКнын абагына киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкекте жарандарды террордук уюмга азгырууга аракет жасаган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Бишкекте элди террордук уюмга азгырган чет элдик кармалды. Сүрөт

1-октябрда атайын кызмат өлкөгө эл аралык террористтик уюмдардын согушкерлеринин киришине тыюу салган контртеррористтик иш-чараларды жүргүзгөн.

"Кармалган чет элдик жаран өлкө аймагына отурукташып, тыюу салынган террордук уюмдун ишин алып барууга шарт түзүүнү көздөгөн. Ал колго жасалган жарылуучу заттарды жасоону, уулуу жана жарыла турган заттарды колдонгонду өздөштүргөндү, ошондой эле Сирияга кишилерди аскер катары жөнөтүүнү пландап жүргөн. Буга чейин КМШ өлкөлөрүнүн биринде экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн жоопко тартылган", — деп айтылат маалыматта.

Сирияда согушкан. Ошто эл аралык террордук уюмдун мүчөсү колго түштү

Мындан сырткары, тинтүү учурунда жарылуучу заттарды даярдоонун нускамасы менен террористтик ишмердүүлүктү каржылоо каналына катышкандыгын тастыктаган документтер табылган.
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 38-239-беренеси ("Террордук актыга даярдык көрүү") боюнча каттоого алынган.

Шектүү УКМКнын абагына киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.