Ош шаары 3020-жылдыгын белгилөөгө даярданып жатат

Быйылкы майрамдык иш-чаралар эпидемиялык абалдан улам мурункудай шаан-шөкөт менен өтпөй турганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ош шаары быйыл 5-октябрда 3020-жылдыгын белгилөөгө кам уруп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясына таянуу менен жергиликтүү кабарчы билдирди.

Быйылкы майрамдык иш-чаралар эпидемиялык абалдан улам мурункудай шаан-шөкөт менен өтпөйт. Маалыматта негизги салтанат шаардын борбордук аянтында болуп, Маданият башкармалыгы акын, комузчу, бийчи жана эстрада жылдыздарынын катышуусу менен концерт уюштурары айтылды.

Финполдун кызматкерлери майрамга карата кыргыз тилинин гимнин ырдашты. Видео

Мындан тышкары, Курманжан датка, Сулайман пайгамбар жана Бабурдун образдары аркылуу Оштун тарыхы театрлаштырылары белгилүү болду.