Өкмөт: түштүк жергесиндеги эпидемиологиялык абал боюнча иликтөө жүргүзүлөт

Республикалык штаб Саламаттык сактоо министрлиги менен облус жетекчилерине стационарларды даярдоо иштерин күчөтүүнү тапшырган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ош, Жалал-Абал жана Баткен облустарында коронавирус инфекциясын жуктургандар көбөйүп, эпидемиологиялык абал курчуганына байланыштуу терең иликтөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Облустук штабдын маалыматы боюнча, жер-жерлерде санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатат.

Жээнбеков: мурункудай карантин киргизе албайбыз, эрежени мен баш болуп сактайлы

Жыйындын жүрүшүндө Кавасаки синдрому боюнча дагы талкуу болгон.

"Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда балдар арасында бул ооруга кабылган бир дагы учур каттала элек. Бирок Кавасаки синдрому боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, педиатрларга, үй-бүлөлүк дарыгерлерге керектүү методикалык жардамдар берилип, протоколдор түзүлдү. Балдар ооруканалары штаттык режимде иштеп жатат. Жалпысынан республикада балдар үчүн 2 356 орун каралган", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги менен облус жетекчилерине стационарларды даярдоо иштерин күчөтүү тапшырмасы берилген.

Муну менен катар жыйында калкты сасык тумоого жана курч респиратордук инфекциялык ооруларга каршы эмдөө иштеринин жүрүшү дагы каралган.