Мамрезерв коронавирустан коргогон дарынын 29 түрүн сатып алды

Мекеменин билдиришинче, учурда препараттардын дээрлик көбү Кыргызстанга алып келинген, калганы жакынкы убакытта жеткирилмекчи.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду коронавирус оорусунан коргогон дарынын 29 түрүн сатып алганын Sputnik агенттигине мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, учурда дары-дармектердин 70 пайызга жакыны фонддун кампаларына алып келинген. Калган 30 пайызы жакынкы аралыкта Беларусь, Индия, Россия жана Украинадан жеткирилмекчи.

Өлкөдө канча дем алдыруучу аппарат, кычкылтек концентратору бар экени айтылды

Сатып алуу эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу калкты керектүү дары-дармек менен камсыздоо жана COVID-19дун экинчи толкунуна даярдануу максатында жүргүзүлдү.