Ош: аскерге чакыртылган жоокерлер ант беришти

Жаш жоокерлер аскердик ант бергенден кийин Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан чек ара тарамдарына бөлүштүрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. – Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын базасында 2020-жылдын күз айларында аскерге чакыртылган жоокерлер салтанаттуу түрдө ант беришти.

Иш-чара Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилигинин катышуусунда 3-октябрь күнү өттү. Анда 140тан ашуун аскер кызматкери ант берген.

“Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен аскердик ант алуу аземи бардык санитардык талаптарды сактоо менен аскер кызматкерлеринин жакындары жана туугандарынын катышуусу жок өттү”, - дешти Чек ара кызматынан.

Жаш жоокерлер аскердик ант бергенден кийин Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан чек ара тарамдарына бөлүштүрүлөт.