Кеңешчисинен COVID аныкталган Трамп анализи чыккыча карантинге кетти

Трамптын айтымында, анын кеңешчиси дайыма бет кап тагынып жүрчү. Хикстин анализин угаары менен президент жубайы экөө коронавируска тест тапшырышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. АКШ президентинин кеңешчиси Хоуп Хикстен коронавирус аныкталгандыктан, Трамп өзү да коронавируска анализ тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Билдирмеге ылайык, анализдин жыйынтыгы чыккычакты АКШ президенти карантинде болмокчу.

"Хоуп Хикс менен кичине да тыным албай иштейбиз. Ал коронавируска тест тапшырса жыйынтыгы оң болуп чыкты. Хикс дайыма бет кап тагынып жүрчү. Азыр жубайым экөөбүз да коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын күтүп жатабыз", — деди Трамп.

Эске алсак, АКШда 3-ноябрда президенттик шайлоо өтөт. Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышат. Так талашта ага демократтардын өкүлү, 77 жаштагы Жо Байден атаандаш.