Кыргызстанда бир суткада 215 кишиден коронавирус табылды

Учурда 910 бейтап стационардык шартта дарыланып жатса, 1 489 киши амбулатордук шартта медициналык жардам алууда.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан 154 бейтап айыкты. Ошол эле учурда кайра 215 кишинин оору жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 6;
  • Ош шаары – 34;
  • Чүй облусу – 5;
  • Ош облусу – 47;
  • Нарын облусу – 2;
  • Талас облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 19;
  • Баткен облусу – 27.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 17;
  • Ош шаары – 19;
  • Чүй облусу – 23;
  • Ош облусу – 41;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 40;
  • Баткен облусу – 63.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок. Жалпысынан алганда 47 056 кишиден коронавирус аныкталса, анын 43 137си ооруну жеңди. Тилекке каршы, дарт 1 065 адамдын өмүрүн алган.

Учурда 910 бейтап стационардык шартта дарыланып жатса, 1 489 киши амбулатордук шартта медициналык жардам алууда.