БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бишкектен акысыз батирди кимдер ала аларын мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев Sputnik Кыргызстандын брифингинде билдирди. Бүгүнкү күндө Бишкектен батир алуу үчүн 3,5 миңден ашуун жаран кезекте турат.
Тынаевдин айтымында, Бишкектен муниципалдык батирге ээ болууга мүмкүнчүлүк берген бир нече категория бар.
Беляев: балдар үйүнөн чыккандар батир алыш үчүн өмүр бою кезекте турат
Алар:
- райондук администрация аркылуу каттоого турган жакыр жашаган жарандар;
- муниципалитеттин кызматкерлери жергиликтүү бийликте иштеп тургандыктан кызматтык батир алууга укуктуу;
- өзгөчө категорияда балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары турат;
- Бул жайлардан тарбияланып чыккандарга үй кезексиз берилиши керек. Турак жай кодекси мэрияны балдар эрезеге жеткенден кийин баш калкалай турган жай менен камсыздоого милдеттендирет. 2019-жылы балдар үйүнөн тарбияланып чыгып, чоң турмушка аттанган үч жаранга батир турак жай бөлүнүп берилген.