Бишкекте абаны көп булгаган автоунаалар изделүүдө. Сүрөт

Иш-чара шаардын экологиялык абалын жакшыртуу планынын алкагында жүргүзүлүп жатат. Адистер "шектүү" автолор бөлүп чыгарып жаткан газдын көлөмүн эсептөө үчүн атайын аппаратты колдонууда.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бишкекте автоунаалардын абага бөлүп чыгарып жаткан зыяндуу заттарын аныктоо боюнча рейд жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришти.

Иш-чара шаардын экологиялык абалын жакшыртуу планынын алкагында жүргүзүлүп жатат. Адистер "шектүү" автолор бөлүп чыгарып жаткан газдын көлөмүн эсептөө үчүн атайын аппаратты колдонууда.

Газдаштырууну тездетели. Өкмөт Бишкектин абасын тазартуу жолдорун талкуулады

Ведомстводон билдиришкендей, көпчүлүк автоунааларда зыяндуу заттарды тосуп калуучу катализатордук система жок болуп чыкты.

Өткөн кышта абаны башкалардан көбүрөөк булгаган айдоочуларга 1000 сом өлчөмүндө айып салынып турган.