Кадамжайда коронавирус менен ооругандар көбөйдү

Аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлүп, "Баяман баатыр" базарында жума, ишемби жана дүйшөмбү күндөрү санитардык күн деп белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Коронавирус оорусу менен ооруган жарандар Баткендеги Кадамжай районуна караштуу Халмион айыл аймагынан көп катталууда. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, облус жетекчиси Алишер Абдрахманов Халмион айылындагы "Баяман баатыр" базарын тазалап, Кадамжайдагы эпидемиялык кырдаалды турукташтыруу тапшырмасын берген.

Аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлүп, "Баяман баатыр" базарында жума, ишемби жана дүйшөмбү күндөрү санитардык күн деп белгиленген. Базардын кире беришине дезинфекциялоочу туннель орнотулуп, жарандар тепловизордон текшерилип, бет кап менен базарга киргизилип жатат. Соодагерлерге бет кап жана кол кап менен иштөө талабы коюлду.