Айрым товарларды милдеттүү түрдө маркалоонун мөөнөтү узартылды. Себеби

Пандемияга байланыштуу өлкөдө түзүлгөн экономикалык абалды жана бизнес чөйрөнүн өтүнүчүн эске алуу менен чылым жана ичимдикти милдеттүү түрдө маркалоонун мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин жылдырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстанда чылым жана ичимдикти милдеттүү түрдө маркалоонун мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Токтомду кыргыз өкмөтү 2-октябрь күнү кабыл алды.

"Пандемияга байланыштуу өлкөдө түзүлгөн экономикалык абалды жана бизнес чөйрөнүн өтүнүчүн эске алуу менен чылым жана ичимдикти милдеттүү түрдө маркалоонун мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды”, — деп айтылат билдирүүдө.

ЖК, президент жана өкмөттүн аппараттары бюджеттен канча каражат алары айтылды

Эске салсак, буга чейин тамекини маркалоо боюнча убакыт 1-октябрга чейин, ичимдикке 1-ноябрга чейин берилген.

Маалыматка караганда, пандемия шартында мындай талаптарды аткарууга бизнес чөйрөсүнө өтө татаал болуп калат. Мунун аркасынан товар алып келүүнүн саны азайып, жыйынтыгында салыктын көлөмү кыскарат.