Көсөмдүгү көөнөрбөс сабак. Жээнбеков карыларды майрамы менен куттуктады

Өлкө башчы элдин руханий казынасын көөнөртпөй сактап, жаш муундарга жеткирип жатканы үчүн карыларга ыраазылыгын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, кыргызстандыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган улуулардын терең акылы, көсөмдүгү жаштарыбыз үчүн көөнөрбөс сабак болуп жатканын белгиледи.

"Биз кылымдар бою карыларын кадырлап, улууларын урматтап сыйлаган элбиз. Мындан ары да калкыбыздын ушул нускалуу каада-салтын, элибиздин өрнөктүү жөрөлгөсүн, улуттук ар-намысыбыздын өзөгүн бекем сактоого милдеттүүбүз. Бир гана ушул күнү эмес, ар дайым улгайган жарандарга урмат-сый, ар тараптуу колдоо көрсөтүү, ар бир ардагерге жылуу мамиле кылуу — коомдогу кадыресе көрүнүш болуусу шарт", — деди Жээнбеков.

Улуу Ата Мекендик согуштун кылым жашаган ардагери – видео куттуктоо

Ошондой эле президент элдин руханий казынасын, асыл сапаттарын, маданий байлыгын көөнөртпөй сактап, жаш муундарга жеткирип жатышканы үчүн терең ыраазылык билдирди. Аны менен бирге чың ден соолук, бактылуу жашоо, дөөлөттүү карылык каалап өттү.