Эми пикир калтырууга болот. Telegram каналында жаңы функция пайда болду

Дуров комментарийлер чатка окшош болорун, тагыраагы, бардык калтырылган жазуулар кайсы бир каналга тиркелерин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. – Sputnik. Telegram каналында комментарий, ой-пикир калтыра турган функция пайда болду. Бул туурасында аталган мессенджердин негиздөөчүсү Павел Дуров өзүнүн Telegram каналына жазгандыгын РИА Новости кабарлады.

"Бүгүн биз каналдарга комментарий функциясын кошобуз. Telegram жаңылангандан кийин кээ бирине, анын ичинен бул каналга да ой-пикир калтыра аласыздар", — деп жазган ал.

Дуров комментарийлер чатка окшош болорун, тагыраагы, бардык калтырылган жазуулар кайсы бир каналга тиркелерин айтты. Аны менен кошо үн билдирүүлөрдү, GIF сүрөттөрдү да жиберүүгө мүмкүнчүлүк бар деди. Ал каналдын администраторлору тиешелүү чектөөлөрдү киргизе аларын кошумчалаган.

Көрүп сүйлөшсө болот. Telegram мессенджерине видеочалуу кошулду

Telegram — интернет колдонуучулар маалыматтар менен бир канча түрдөгү медиафайлдарды бири-бирине жиберип, өз ара алмаша ала турган мессенджер. Долбоор 2013-жылы "ВКонтакте" социалдык тармагынын негиздөөчүсү Павел Дуров тарабынан жасалган.