Кочкордун тушунда эки машина кагышып, жабыркагандар ооруканага жетпей үзүлдү

Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын ичине 60 жаштагы эркек киши менен 56 жаштагы аял кыпчылып калган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кочкор районунун тушунда "ГАЗ-53" жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина кагышып, эки адам ооруканага жетпей көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, кырсык 30-сентябрь күнү саат 16:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 209-чакырымында катталган.

"Каргашанын кесепетинен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын ичине 60 жаштагы эркек киши менен 56 жаштагы аял кыпчылып калган. ӨКМдин куткаруучулары аларды автоунаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Тилекке каршы, жабыркагандар Кочкор райондук ооруканага жетпей көз жумганы кошумчаланды.