Маданият министрлиги Таластагы экспонаттарга бай музейди карамагына алат

Музей 1959-жылы ачылган, анда СССРдин кыл сүрөтчүлөрүнүн айрым эмгектери, тарыхый казууларда табылган буюмдар сакталуу.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Талас облусундагы Теодор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейин Маданият министрлигинин карамагына алуу пландалып жатат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов аталган музейге барган. Ал жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен маданий мекемени министрликтин карамагына алуу тууралуу сүйлөшкөн.

"Жолугушууда музейдеги экспонаттарды сактоо жана эффективдүү пайдалануу маселеси талкууланды. Буга чейин министрлик тарабынан, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылдык кеңеши менен биргеликте Теодор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейин мамлекеттик менчикке өткөрүү тууралуу бир катар иш аракеттер жүргүзүлүп келген", — деп айтылат маалыматта.

Таласта табылган петроглифтерди министр көрүп келди. Сүрөт

Музей алгач 1959-жылы сүт ферманын бир бөлмөсүндө ачылып, кийинчерээк эски мектептин имаратына көчүрүлгөн. Азыркы имараты 1989-жылы курулуп колдонууга берилген. Музей экспонаттарга бай, анын ичинде тарыхый казууларда табылган буюмдар да бар. Теодор Герцендин өзүнүн жана уулу Теодордун эмгектеринен тышкары мурунку СССРге кирген 15 республиканын кыл сүрөтчүлөрүнүн айрым эмгектери да орун алган.