Кишилерди кууп барып бус менен тебелетип... Кызыл-Кыядагы окуянын видеосу

Азыркы күндө автоунаанын ээси аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми окуя болгон жерден 28 жаштагы жаран жараат алып, жергиликтүү аймактык ооруканага түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Интернет айдыңында кичи автобустун караңгыда аянтчада айланып, элди тебелетип жаткан видеосу тарап, ал "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Окуянын кандай болгонун Баткен ИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

"25-сентябрь күнү саат 20.00дөр чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө Кадамжай районунун 28 жаштагы тургунун жашыл түстөгү "Mercedes-Benz" үлгүсүндөгү спринтер койдуруп, ал жерден из жашырып кеткен. Азыркы күндө автоунаанын ээси аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми окуя болгон жерде 28 жаштагы жаран денесинен жараат алып, жергиликтүү аймактык ооруканага түшкөн", — деп айтылган маалыматта.

Видеодон ал жерде кишилер чырылдап качып, ал эми бусиктин алардын артынан кууп барып тебелетип жаткандыгын көрүүгө болот.

Бишкекте айдоочу күчүктү артынан кууп барып тебелетип кетти. Видео

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинде Жазык кодексинин 297, 266 ("Жол кырсыгы"), ("Ээнбаштык") беренелери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милициядан тийиштүү экспертизалар дайындалгандыгын кошумчалашты.