Айдоочу кишилерди атайын тебелеткен. Кызыл-Кыядагы окуянын жаңы жагдайлары

Айдоочуга карата Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Анын ким экени аныкталганы менен кармала элек.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кичи автобусу менен элди кубалап, атайылап тебелеткен айдоочу боюнча ИИМ тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин интернет айдыңына кичи автобустун караңгыда аянтчада айланып, элди тебелетип жаткан видеосу тараган. Окуя 24-сентябрь күнү Кызыл-Кыяда болгону маалым. Жабыркаган киши ооруканага жаткырылган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266 ("Бейбаштык") жана 297-беренелери ("Жол эрежесин бузуу") менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Милициядан билдиришкендей, айдоочу адамдарды атайылап койдурган.

Айдоочу качып кеткени менен анын ким экени такталды. Милиция аны издеп жатат. ИИМден билдиришкендей, видеодон унаа дагы бир адамды коюп кеткендей көрүнгөн. Бирок андай эмес, ал скутер болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, видеодогу адамдардын бардыгы мас абалында болгон.